• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Аба чубалгысы үзүлүп, Баткен районунун бир бөлүгү жарыксыз калды

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Аба чубалгысы үзүлүп, Баткен районунун бир бөлүгү жарыксыз калды, - деп билдирет «Ошэлектр» ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн 27-январь кечинде кыргыз-тажик мемлекеттик чек арасында абал курчуганына байланыштуу Баткен РЭТинде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан 10 кВ Орто-Боз аба чубалгысы үзүлдү.

Бул кырдаалга байланыштуу Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калды. Азыркы кырдаалга байланыштуу ремонт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Кырдаал турукташканда Баткен РЭТинин кызматкерлери аба чубалгыны оңдоп, үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр.

Баткен облусунун башка аймактарында электр тармактары штаттык режимде иштөөдө, өчүрүүлөр катталган эмес.

Учурда башка аймактарда эч кандай өчүрүүлөр жок, баардык райондор «Ошэлектр» ишканасынын көзөмөлүндө жана райондук электр тармактар ишканалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий