• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чек арадагы чыр. Аксы районунда чек ара кызматкери Нурсултан Манасбек уулу жерге берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын офицери Нурсултан Манасбек уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ал өзү туулуп-өскөн Аксы районунун Дейрес-Сай айылында жерге берилди.

Нурсултан Манасбек уулу 1992-жылы Дейрес-Сай айылында туулган.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда 33 кыргыз жараны каза болду, алардын ичинде 12 жашар кыз бар. Каза болгондордун үчөө аскер кызматкери.

Пикир

Оставить комментарий