• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Азыркы учурда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чечүү үчүн бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Казакбаев Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине нааразычылык нотасын жөнөттү деген маалыматты төгүндөдү.

“Тажик тарап менен бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз Душанбедеги элчилик аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, ошондой эле тажик тарап менен күч түзүмдөрүнүн линиясы аркылуу дагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - деп кошумчалады министр.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр-чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдиргендей, тажик тарап 2021-жылдын 28-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө атайылап чыр-чатак чыгарып, кырдаалды курчутуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий