• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чек арадагы чыр: Башкы прокуратура «Кактус Медиада» жарыяланган макала боюнча иш козгоду

Коом 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Чек ара маселеси жөнүндөгү «Кактус Медиа» сайтында жарыяланган маалыматтын мыйзамдуулугуна баа берүү боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 27-январында «Кактус Медианын» сайтында чек ара аймагындагы куралдуу кагылышуу тууралуу макала жарыяланган. Макалада Кыргызстандын аскер кызматкерлери Тажикстан тарапка биринчилерден болуп ок атып, провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда.

Кийинчерээк «Кактус Медиа» жарыяланган макала тууралуу түшүндүрмө берген. Анда белгиленгендей, 27-январда Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган (перепечатка) маалымат жарыяланган.

“Бул жарыяланган маалыматтын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган (перепечатка) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Чек арадагы чырдан 13 кыргызстандык жабыркап, КР ӨКМ чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашуун адамды коопсуз жайга эвакуациялады.

Ал ортодо КРнын Ички иштер министрлиги Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлаган. Тараптардын өкүлдөрүнүн жолугушуусунан соң Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу боюнча бир чечимге келишти.

Пикир

Оставить комментарий