• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чек арадагы чыр. Баткен облусунда объекттерди калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда чек арада Тажикстан менен болгон кагылышуулардан кийин Баткен облусундагы объектилерди калыбына келтирүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардан турган комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн брифингде транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда министрликтин биринчи кезектеги милдети – жабыркаган объектердин так санын аныктоо.

“Андан кийин бириктирилген смета түзүлүп, калыбына келтирүү иштери башталат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 28-29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү каналынын аймагында куралдуу кагылышуу болгон.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, жабыркагандардын саны 154 адамга жетип, 31 адам каза болгон.

Ошондой эле, онго жакын айыл жабыркап, үйлөр жана башка объектер өрттөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий