• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен: Чыр чыккан аймактардан жалпы 40 миң 649 жаран көчүрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Баткен облусунун чек арага жакын аймактарынан 40 миң 649 жаран коопсуз жерлерге көчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14 миң 361 жаран эвакуацияланып, Баткен шаары, Бужум, Чек, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кара-Булак, Чоң-Кара, Рават айылдарына жайгаштырылган.

Ал эми Лейлек районунун Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26 миң 288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулуңду айылдарына жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий