• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы чыр. Баткенге Бишкектен 11 медициналык адис жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын жаңжал чыккан аймагына министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев башында турган 11 медициналык адис жөнөтүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Ош шаарынан 5 медициналык адис жөнөтүлгөн. "Ошондой эле чыр чыккан аймакка жөнөтүү үчүн дары-дармектердин жана таңуу материалдарынын тизмеси түзүлүп жатат", - деп билдирди ал.

Солтонбекова кошумчалагандай, чыр чыккан аймакта үч Тез жардам кызматы нөөмөттө турат.

Пикир

Оставить комментарий