• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы чыр: Белгисиз адамдар Тажикстан тараптан кыргыз чек арачысына ок аткан

Аймак 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-август күнү кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан кыргыз чек арачысына карата белгисиз адамдар тарабынан ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы билдиргендей, Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине карата ок (болжол боюнча аңчылык куралдан) атылган.

Жыйынтыгында чек арачы колунан жарадар болгон. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Учурда Кыргызстандын Баткен боюнча жана Тажикстандын Исфара боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

Аталган чек ара тилкесиндеги кырдаал саат 10:00гө карата туруктуу деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий