• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Бишкектеги ооруканаларда дарыланып жаткан бир бейтаптын абалы өтө оор

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чек арадагы чырдан жабыркап, Бишкектеги ооруканаларда дарыланып жаткан бир бейтап өтө оор, бирөө оор абалда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, борбор калаага жалпы 56 жабырлануучу жеткирилген.

“Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 29-апрелде бир тез жардам унаасы зыян тартып, Максат айылында бир ФАП толугу менен күйүп кеткен. Башка айылдар боюнча кырдаал такталууда”, - деди министрдин орун басары.

Солтонбекова кошумчалагандай, жабырлануучуларды кабыл алып жаткан саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек, медициналык каражаттар, кан жана анын компоненттери жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий