• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чек арадагы чыр: Чагымчылдыкка айыпталган төрт кыргыз жараны кармалды

Аймак 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чырда чагымчылдык кылган жарандар болду, алсак, Баткен облусунун Көк-Сай айылынын төрт тургуну кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымы боюнча, учурда укук-коргоо органдары тарабынан кармалгандар боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

“Азыр чек арада абал туруктуу. Күчөтүлгөн тартипке өткөрүлгөн күзөт уланууда, бирок жакында алынат”, - дейт ал.

Мадумаров кошумчалагандай, эртең, 14-январда эки өлкөнүн вице-премьер-министрлер деңгээлинде жолугушуу өтүп, ага күч органдарынын жетекчилери да катышат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 10-январына караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Чырды тажик тарап баштап, Кыргызстандын жарандарынын эки унаасына жана үйүнө таш ыргыткан, үч саат бою Кыргызстандын чек ара аймагына ок аткылаган. Буга байланыштуу, кыргыз тарап аялдар менен балдарды ок чыккан жерден алып кетүүгө аргасыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий