• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арадагы чыр: Эки адам октон жарадар болду – Саламаттык сактоо министрлиги

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүн, 17-декабда болжол менен саат 12:30да Баткен облустук бириктирилген ооруканасына жалпы 6 адам алынып келген. Алардын ичинде 4 аскер кызматкери жана 2 жаран болгон. Эки адам (1 аскер кызматкери жана 1 жаран) октон жарадар болгон. Калгандарынын баш мээнси чайкалган жана ар кандай жаракат алган. Баарынын абалы канаатандырарлык.

Учурда жабыркагандар текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий