• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек арадагы чыр. “Кабар” агенттигинин маалымат борборунда медиа штаб түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин маалымат борборунда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берүү жана координациялоо боюнча ыкчам штаб түзүлдү, аны КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат кызматы координациялайт.

Медиа штабдын негизги максаты – жалпыга маалымдоо каражаттарына, коомчулукка жана дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болуп жаткан окуялар тууралуу объективдүү жана туура маалымат таратуу болуп саналат.

Маалымат алуу үчүн медиа штабка кайрылуу керек, анда тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү күнү-түнү иш алып барышат.

Мындан тышкары, медиа штабдын маалыматтык аянтчасында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда кризистик кырдаалдар болгон жерлерден маалымат жыйындар жана түз эфирлер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Белгилей кетсек, медиа штабдын базасында шарттар түзүлгөн жана учурда мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары, журналисттер, эксперттер жана блогерлер иш алып барууда.

Маалымат жыйындар “Кабар” КУМАнын интернет баракчаларында онлайн көрсөтүлүп турат.

Байланыш номерлери: 0(312) 96-05-74, 0(312) 96-05-43.

Пикир

Оставить комментарий