• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чек арадагы чыр: Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушууда

Коом 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Чек арадагы чырга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушууда. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

«Бүгүн, 6-августта эки тараптын тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда чек арадагы чырга байланыштуу жолугушуу өткөрүлүүдө. Ошондой эле тажик тараптын чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгондугу жана Тажикстандын бир жараны ок тийип каза болгондугу тууралуу айтылган биринчи версиясы такталууда», - деп айтылат маалыматта.

МЧКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, толук маалымат Тажикстан Республикасынын жарандары менен болгон окуя аныкталгандан кийин берилет. Аны менен катар кыргыз тарап Баткен облусуна караштуу Баткен районундагы чек арага чектеш Чыр-Дөбө жергесинде бир тараптуу текшерүү иштерин баштады.

Азыркы учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий