• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чек арадагы чыр. Максаттагы өрттөнгөн мектептин окуучуларынын тагдыры эмне болору айтылды

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенде 39 жалпы билим берүү уюмдары жана 25 мектепке чейинки билим берүү уюмдары жабылды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп жана бала бакча толугу менен күйүп кетти.

Балдар убактылуу кайсы жерде жайгашса ошол жердеги мектептен окуу жылын аякташат.

“Ал мектепте 200 окуучу билим алып келген. Алар убактылуу жашап жаткан жердеги мектепте окуу жылын аякташат. Калган мектептер оңдолуп, салттуу түрдө билим берүүнү улантат. Максаттагы мектеп менен бала бакча жаңы окуу жылына чейин калыбына келтиришибиз керек”, - дейт министрдин орун басары.

Жусупбекова көчүрүлгөн жарандарды жайгаштыруу үчүн 10 мектеп, 2 лицей, 2 жатакана жана 3 бала бакчада эвакуациялык пункт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий