• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Ош мэриясында атайын эсеп ачылып, комиссия түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун тургундарына көмөк иретинде иретинде Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылып, комиссия түзүлдү.

Белгилей кетсек, өкмөт аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Баткен облусунун тургундарына көмөк иретинде котормой болду. Андан тышкары, гуманитардык жардам уюштуруу максатында Жалал-Абад шаардык мэриясында ыкчам штаб түзүлдү.

Возможно, это изображение (один или несколько человек и текст «реквизиты для спонсорской помощи мэрия города ош (специальный счет) юридический адрес: инн: аименование банка: г. ош ул. ленина 221. 00508200210109; центральное казначейство 440001; 04078179; ΜΦΟ (бик): код окпо по бюджетному счету: специальный счет мэрии города ош расчётной счёт (лицевой счёт): получатель: мэрия города ош; код платежа: 4407011213001674 14411100 (текущая помощь) (в назначении указать с какой организации поступило например: пострадавшим в баткенской области)»)

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий