• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Саат 22:30га карата жабыркагандар тууралуу маалымат

Ден соолук 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандардын саны саат 22:30га карата 46 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде бир жаран каза болуп, бир жаран амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү, калган 44 жабырлануучу ок тийгенден алган ар түрдүү жарааттары жана денесинин ар кайсы бөлүгүнүн жаракаттары менен Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылды.

Пикир

Оставить комментарий