• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арадагы чыр: Жабырлануучулардын абалы айтылды

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. 16:30га карата медициналык жардам алууга кайрылган жабырлануучулардын саны 11 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, алардын ичинен бирөө амбулатордук дарыланып, ар түрдүү жараат алган калган жабырлануучулар Баткен облусунун ооруканаларына жаткырылды.

- Самаркандек жалпы медициналык практика борборуна - 2 жабырлануучу жаткырылды, алардын абалдары канааттандырарлык;

- Лейлек жалпы медициналык практика борборуна – 1 жабырлануучу жаткырылды, абалы орто оор.

- Баткен облустук бириккен ооруканасына - денесине ок жеген 7 жабырлануучу жаткырылды, алардын үчөөсүнүн абалы орто оор, калган төртөөнүн абалы туруктуу оор деп бааланууда. Азыркы учурда эки жабырлануучуга операция жасалууда.

“Ош шаарынан 5 адиси менен бригада жөнөтүлдү. андан тышкары Бишкек шаарынан министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев башында турган 9 адис учуп кетүүгө камданууда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий