• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арадагы чыр: Тажик тарап ок чыгарып, аскер кызматкери жараат алды

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыккан чырдан улам ок атылып, КР ИИМнин Ички аскер кызматынын аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ар кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Алдын ала маалыматка караганда, бүгүн, 18-декабрь күнү кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн, облустук администрация жетекчилери жана укук коргоо органдарынын ортосунда сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда, саат 11:30да тажик тараптан белгисиз бирөөлөр Кыргызстандын жарандарына таш ыргыта баштаган. Кыргызстандын жарандары да жооп катары таш ыргытып, тажикстандыктардын эки унаасынын айнегин талкалашкан.

"Арадан 20 мүнөт өткөндөн кийин тажик тараптан ок атылып, натыйжада КР ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкери жарадар болду", - деп айтылат маалыматта.

Окуядан кийин сүйлөшүүлөр токтотулган. Учурда эки тарап тең өз жарандары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруу үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна учуп кетти", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-декабрь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында тактала элек чек ара тилкесинде тажик жарандары Кыргызстандын жаранын сабап кетишкен. Жабыркаган жаран облустук ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда кайым айтышуу башталып, бири-бирине таш ыргыта башташкан.

Чырды жөнгө салуу максатында жерине эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү, облустук администрациянын жетекчилери жана тартип сакчылар келген.

Пикир

Оставить комментарий