• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Жабыркагандар 173 адамга жетип, 34ү каза болду

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. 2021-жылы 1-май саат 18:30га карата Баткен облусунда чек ара чырынан жабыркагандардын саны 173 адамга жетип, алардын 34ү каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 7 жаран медициналык жардам алуу үчүн кайрылышып, алардын экөө авбулатордук дарылоого жөнөтүлдү, денесинен ар түрдүү жарат алган беш жабырлануучу ооруканага жаткырылды, алардын абал орто оор деп бааланууда.

Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары 1997-жылы Бактияров Азизбек Бактиярович каза болду.

173 жабырлануучунун ичинен 31и аскер кызматкерлери, 1 медицина кызматкери, 131 жай тургундар, 10 жабырлануучунун өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий