• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арадагы чыр. Жабыркагандардын саны 124 адамга жетти, экөөнүн абалы оор

Ден соолук 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. 30-апрель, таңкы саат 07:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы чырда улам жабыркагандардын жалпы саны 124 адамга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы 3 адам каза болду: эки учур Баткен облустук ооруканасында, бир өлүм учуру Баткен облусунун Лейлек районунда – 2008-жылы туулган кыз ооруканага жетпей жолдо көз жумду.

Жабыркаган 25 адам Баткенден атайын борт менен Бишкектеги травматология жана ортопедия изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жеткирилди. Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандарынын абалы болсо орто оордукта жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий