• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арадагы чыр. Жабыркагандардын саны 31ге жетти

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Саат 20:00гө карата саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын саны 31 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен бирөө каза болуп, бирөө амбулатордук түрдө дарыланууда. Калган 29у ар кандай жараат менен ооруканада жатат.

“Самаркандек жалпы медициналык практикалык борборундагы 2 адамдын абалы канааттандырарлык. Лейлек жалпы медициналык практикалык борборундагы 2 бейтап орто оордукта жатат. Баткен облустук бириктирилген ооруканасына октон жабыркап 26 жаран түшкөн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий