• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы чыр. Жабыркагандардын саны 8 адамга жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги “Кабар” агенттигине кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 4 адам жабыркагандыгын билдирди.

Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Азизбек Жунусовдун алдын ала маалыматы боюнча, саат 14:30га карата тез жардам линиясы менен 4 жабырлануучу жеткирилген. “Азыр жабырлануучулардын абалы текшерилип жатат. Кошумча маалымат кийин берилет”, - деди ал.

Буга чейин чек ара чырынан жараат алып ооруканага түшкөн 4 кыргызстандыктын биринин абалы оор экендиги айтылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде кечинде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.

Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган. Алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, чек арадагы абал туруктуу, бирок чыңалуу бар экендиги айтылат. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин жана эки тараптын облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кырдаалды Баткен жана Согди облустарынын башчылары көзөмөлдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий