• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу эки тараптуу жолугушуулар өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 9-январынан 10-январына караган түнү кыргыз-тажик чек арасындагы болгон окуяга байланыштуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов менен Тажик Республикасынын Согди облусунун төрагасынын биринчи орун басары Бахавдин Баходирзоданын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кырдаалды турукташтыруу, жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арачылар, ички иштер кызматкерлери биргеликте иш алып барууну макулдашты. Ошондой эле Баткен району менен Исфара райондорунун чыр-чатак көп катталган чек ара тилкелерине видео байкоо орнотуу чечимине келишти.

Чек арадагы абал ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаровдун көзөмөлүндө. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Ал эми убактылуу коопсуз жайга чыгарылган Көк-Таш айылынын тургундары азырынча айылдагы орто мектепте калышууда. Алар аялдар, балдар жана улгайган адамдар. Аларга керектүү бардык жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурда тургундарды үйлөрүнө жиберүү боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий