• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Чек арадагы куралдуу кагылышууда жабыр тарткандар акысыз дарыланууда

Ден соолук 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыр тарткандар акысыз дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Баткен, Лейлек райондору жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылынан эвакуацияланган жарандарга жана аскер кызматкерлерине амбулатордук медициналык жардам көрсөтүү жеңилдетилген шарттарда кошумча төлөмсүз жүргүзүлөт. Ошондой эле дары-дармектер жеңилдетилген негизде берилет.

Саламаттык сактоо уюмдарында баштапкы жана кайталап стационардык дарылоодон өтүүдө жабыр тарткан жарандар жыл ичинде төлөмдөрдү төлөөдөн толугу менен бошотулат.

Психологиялык жардамга муктаж болгон бардык жабыркагандар республикалык жана облустук психиатрия жана наркология борборлорунун адистеринен квалификациялуу жардам ала алышат. Мындан тышкары, онлайн консультациялар да берилет.

Жабыркаган райондордун саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек жана күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана башка артыкчылыктуу муктаждыктар каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий