• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арадагы окуя: Баткен жана Согдий облустарынын башчылары жолугушту

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 18-декабрь күнү Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын башчылары жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушуу Тажикстан менен чектешкен Баткен районунун Көк-Таш айылында болуп өткөн.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар иштеши керектиги айтылып, жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү макулдашылган.

"Облус башчылары чек аралаш аймакта абалды турукташтыруу, катталып жаткан чыр-чатактарды болтурбоо, алардын чыгуу себептерин аныктоо, жоюу боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле буга чейин да макулдашылгандай, чек арадагы такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзбөө керектиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Андан кийин Мадумаров Баткен районунун Көк-Таш айылынын эли менен жолугушкан. Жолугушууда эл чыр-чатактын күнөөкөрлөрүн жоопко тартуу, чек араны делимитациялоо жумуштарын тездетүү талаптарын коюшкан.

Ал, ар бир окуя боюнча эки тараптуу дыкат иликтөө болорун, тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирип, чек араны делимитациялоо жумуштары мамлекеттик деңгээлде каралып жаткандыгын жана жылыштар бар экенин айткан.

Ошондой эле Мадумаров белгилегендей, чыр-чатактан жабыркагандарга керектүү жардамдар көрсөтүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий