• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы окуя: Лейлектеги аймактык ооруканада жаткандардын абалы оор

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам жараат алып Лейлектеги аймактык ооруканада жаткан 3 жарандын биринин абалы өтө оор. Ал комада жатат. Ал эми эки жарандын абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ал эми кечээ күнү Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алынып келген 10 адамдын абалы туруктуу. Алардын ичинен үчөө жандандыруу бөлүмүндө жатса, 7 бейтап жалпы палатада жатышат. Бүгүн беш бейтапка пландалган операция жасалат.

Бейтаптарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.

Пикир

Оставить комментарий