• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы окуя Тажикстандын коомчулугуна бурмаланып жеткирилүүдө – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Тажикстандын Чек ара аскерлеринин басма сөз борборунун, Кыргызстандын жарандары Исфара шаарынын Ички иштер бөлүмү-2 кызматкерлеринин унаасына ок аткан деген маалыматы кыргыз-тажик чек арасындагы чыныгы кырдаалды толук түрдө туура эмес көрсөтүп, бурмалайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Кыргызстандын жарандарынын эки унаасына жана үйүнө таш ыргыткан, үч саат боюнча Кыргызстандын чек ара аймагына ок аткылаган Тажикстандын жарандары чыгарган. Буга байланыштуу, кыргыз тарап аялдар менен балдарды ок чыккан жерден алып кетүүгө аргасыз болгон.

"Белгилей кетсек, ок атуу Тажикстандын аймагынан гана жүргүзүлгөн. Кыргызстандын жарандары ок чыгарган эмес", - деп айтылат маалыматта.

КР Чек ара кызматы билдиргендей, ошол эле учурда тажик тарап чек арадагы кырдаалды курчуткан, Кыргызстандын жарандарына материалдык чыгым алып келген, эки өлкөнүн чек ара аймагындагы элинин ортосунда пикир келишпестик жараткан Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттерине карата чара колдонбой эле.

Исфара шаарынын администрациясынын өкүлдөрү ММКларда жана социалдык тармактардагы өзүнүн комментарийлери менен эки өлкөнүн жарандары ортосуна чок салууда жана КР Чек ара кызматкерлерин чыр-чатакка далили жок күнөөлөөдө.

"Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин, Кыргызстандын жарандары 2019-жылдын 29-декабрында Тажикстандын Т.Сафарова аттуу жаранын жарадар кылды деген айыптары негизсиз. Т.Сафарова менен анын туугандарынын ортосунда болгон чырды Тажикстандын чек ара мекемеси башка өлкөнүн жарандарын айыптап, чек ара чыр-чатагы катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Ошол эле учурда тажик тарап эч кандай далилдерди келтирбей, андан тышкары ал ишти бирдикте иликтөөдөн баш тартты", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Бул жагдайлар, чыр-чатак чыккан жердеги болгон окуя Тажикстандын жетекчилигине жана коомчулугуна толук эмес жана бурмаланып жеткирилип жатканын көрсөтүүдө.

Ошентип чек ара маселелерин жөнгө салуунун ордуна Тажикстандын айрым расмий адамдары жана жарандары, эки өлкөнүн президенттеринин 2019-жылдын июль айынын аягында жасаган эки эл ортосундагы тынчтык, ынтымак жана кылымдар бою келе жаткан достукту сакташ керек деген билдирүүлөрүнө ачыктан каршы болушууда.

"Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлерин чек арада болгон окуяларга объективдүү баа берип, Тажикстандын айрым жарандарынын же аларды чек арада жаңжал чыгаруу үчүн колдонгон үчүнчү күчтөрдүн чагымчыл аракеттерин токтотууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин биргелешкен аракеттери гана чек арада болгон маселени чечүүгө жана учурдын чакырыктарына жана коркунучтарына каршы турууга жол ачат.

Пикир

Оставить комментарий