• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы окуя: Жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат берилди

Аймак 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кечээ, 8-майда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жаракат алган чек ара кызматкерлери жана бир тургундун абалы тууралуу маалымат берди.

Министрликтен белгилешкендей, 8-май күнү Баткен облустук бириктирилген ооруканага жаракат алган 4 адам алынып келген (3 аскер кызматкери жана 1 жаран). Алардын ичинен үчөө ооруканага жаткырылган. Жаракат алгандардын бири медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Ооруканада жаткандар – 1. М.С. уулу, 26 жашта: кыр арка сөөгүнүн көкүрөк тушуна ок тийген. Ичине, жамбаш сөөк бөлүгүнө ок тийген. Ага операция жасалып, анын абалы өтө оор деп бааланууда; 2. М.А. уулу, 25 жашта: көкүрөк тушуна ок тийген. Операция жасалып, абалы орточо оор, туруктуу. 3. Ч.Т. уулу, 24 жашта: ок көкүрөк тушуна тийип, чыгып кеткен. Жараны хирургиялык тазалоо жасалган. Анын абалы орточо оор, туруктуу.

"Бардык жаракат алгандар медициналык көзөмөлдө болууда. Дары-дармектер, медициналык буюм-каражаттар, кандын компоненттери жетиштүү. Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынан Баткен облустук бириктирилген ооруканасына нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологдон турган дарыгерлер тобу келди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий