• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Чек арадагы санитардык-карантиндик бекеттер күчөтүлгөн режимге өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чек арадагы санитардык-карантиндик бекеттер күчөтүлгөн режимге өтүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдө коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны өсүүдө.

"Бир суткада чек арадан жалпы 11 миң 476 адам өттү. Алардын баары текшерүүдөн өтүүдө. Оштогу "Достук" бекетинен сутка ичинде Кыргызстанга келген жарандардын 349унан анализ алынды. Экспресс-тесттин жыйынтыгында 9 жаранда коронавирус аныкталды. Алардан кайрадан ПЧР анализи алынды", - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, коронавирус жуктуруп алган жарандар менен байланышта болгон адамдарга көзөмөл жүргүзүү кайрадан жандандырылууда. "Бир күн ичинде 608 адам байланышта болгон", - деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, 2-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 215 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 56ны түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий