• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы турмуш тууралуу кыска метраждуу тасма тартылат

Коом 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Чек арадагы турмуш тууралуу кыска метраждуу тасма тартылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

"Мен эмнени унуттум" ("Что я забыл?") жумушчу аталышындагы тасма Баткенде тартылат. Анда Камчыбек Каримов аттуу карыянын эки кошуна өлкөнүн чек арачыларына кармалган окуясы баяндалат.

Анын сценарийин тажикстандык режиссер жана сценарист Искандар Усмонов жазган.Ал эми тасмага Тынчтык Абылкасымов режиссерлук кылат.

Тасманын узактыгы 20 мүнөт болуп, ал кыргыз, тажик жана орус тилинде тартылат.

Пикир

Оставить комментарий