• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чек арадагы жаңжал. Баткен облусунан 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Аймак 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган үй-бүлөлөрдөн 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн президентин демилгеси жана колдоосу менен коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уюштуруусу астында эс алуу уюштурулду.

Облустун чек аралаш аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн бою Ысык-Көл облусунда эс алууда болушат.

Андан соң балдар Баткен облусундагы Кадамжай “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат.

Балдарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана район-шаар башчылары узатышты.

Балдар бүгүн Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учушат.

Пикир

Оставить комментарий