• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек арадагы жаңжал. Баткенде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады

Президент 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Ошону менен бирге жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров белгилегендей, калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат — жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак жайлар курулат.

Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий