• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы жаңжал: Чек ара башчыларынын жана губернаторлордун деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында абал боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөр чек ара башчыларынын жана губернаторлордун деңгээлинде жүрүүдө.

Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөргө Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров катышууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Чек арадагы чатактын натыйжасында бир нече адам жараат алып, “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий