• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы жаңжал. Эки аскер кызматкери жарадар болду

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон окуядан эки аскер кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар учурда тез жардам кызматы аркылуу Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жабырлануучунун абалы оор, экинчисинин абалы орто. Жабырлануучулар ооруканага жаткырылганды, диагноздор боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ал ок атышуу менен коштолгон. Жаңжалда тажик тарап миномёт колдонгону белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий