• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Чек арадагы жаңжал: Кыргыз-тажик тараптын тиешелүү органдарынын жетекчилери жолугат

Коом 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Бүгүн саат 10:00дө кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн ведомство башчылары жолугат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Баткен облусунун губернаторунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга КРнын вице-премьер министр Жеңиш Разаков жана тажик кесиптеши, эки өлкөнүн губернаторлору, Ички иштер министрлери, транспорт министрлери жана башкалар катышат. "Жеринде жаңжалды жөнгө салуу боюнча бардык маселелер талкууланат. Учурда чек арадагы абал тынч, кечээ саат 16:00дө кырдаал курчуп, бирок, кийин элдер тараган. Учурда эч кандай атышуу болгон жок жана тургундар бири-бирине таш ыргыткан жок. Кечээ кечинде бардык аялдар жана балдар туугандарыныкына жеткирилген", - деп билдиришти.

Ошондой эле учурда чек арадагы абал туруктуу экендигин кошумчалашты. Жеринде укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барышууда.

Эске сала кетсек, 13-мартта саат 15:30да Кожогар аймагында КРнын Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби, Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Эки мамлекеттин тургундары чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын бүгүн, 15-мартта берген маалыматына ылайык, учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий