• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Чек арадагы жаңжал: Баткендин Максат айылынын тургундары жаңы документтерди алды

Аймак 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Баткен облусунда чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамкаттоонун калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылындагы жаңжал учурунда жоголгон ID паспортторду даярдоого 27 арыз кабыл алышты. Бүгүн алардын 18ине паспорт, ошондой эле 38 балага туулгандыгы жөнүндө жана 6 үй-бүлөгө нике күбөлүгү берилди.

“Мындан тышкары жалпы жарандык паспортторду даярдоого 5 арыз кабыл алынды. Аларга жаңы биометрикалык паспорттор даяр болушу менен берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Максат айылынын тургундарына документтерди Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана айыл башчысы Максат Кубатбек Нышанов расмий тапшырышты.

Кыргыз-тажик жаңжалы учурунда жапа чеккен жарандар үчүн бардык документтер Мамкаттоонун кызматкерлеринин эсебинен акысыз даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий