• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы жаңжал учурунда адамдардын жоголгону тууралуу маалымат түшкөн жок – Баткен облустук милициясы

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Баткен облусунда 28-29-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон учурлар азырынча каттала элек. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

“Эгерде сиздер тараптан жардамга келип, дайынсыз болгон жарандар болсо, ыкчам түрдө жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот. Байланыш үчүн номерлер: Лейлек району боюнча 03656 102, 0771249882, 0779149701, Баткен району боюнча 03622 102, 0774778688, Баткен ОИИБы (03622) 5-01-24, 5-02-26”,-деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий