• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арадагы жаңжал: Жабыркагандар жакынкы күндөрдө ооруканадан чыгарылат

Ден соолук 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркап, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан жарандар жакынкы күндөрдө ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнүн башчысы Талант Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

“Биздин бөлүмгө 5 бейтап келип түшкөн. Экөөнө операция жасалды, алардын абалдары турукташып калды. Мурду сынган бир бейтапка ЛОР бөлүмүндө операция жасалды. Биз алардын бардыгын толугу менен текшерүүдөн өткөрүп, ооруларын дарыладык. Жакынкы арада ооруканадан чыгарабыз”, - деп белгиледи Талант Жапаров.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, медициналык жардамдын сапаты, дары-дармек менен камсыздоо, тамак-аш боюнча бейтаптар тарабынан эч кандай даттануулар болгон жок. Бардык бейтаптар бекер дарыланууда.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жалпы 204 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарында 15 адам дарыланууда. Жакынкы учурда аларды ооруканадан чыгаруу күтүлүүдө. Ошондой эле бир жабыркаган жаран Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий