• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чек арадагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө гумжардам жеткирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам жеткирилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым уккутуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечими менен гуманитардык жардамдарды туура бөлүштүрүү жана даректүү жеткирүү боюнча түзүлгөн облустук комиссия тарабынан алардын ар биринин үй-бүлөсүнө 25 миң сомдук азык-түлүк, кийим-кечелер жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуяда 36 жаран каза болгон.

Облустук өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, бүгүнкү күнгө облуска жалпы 1 миң 613 тонна гуманитардык жардам келген. Анын 1 383 тоннасы жарандарга таратылды.

Пикир

Оставить комментарий