• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чек арадагы жаңжалдан жабыркаган үйлөр калыбына келтирилет – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган үйлөр калыбына келтирилет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга каражат жетет, ошондой эле 1-майдын кечки убактысына карата атайын эсепке 1 млн 200 миң сом түштү, ал облустагы калыбына келтирүү иштерине жумшалат.

«Эвакуацияланган жашоочулардын үйлөрүн калыбына келтиргенче алар убактылуу эвакуация пункттарында же туугандарынын үйлөрүндө жашап турушат. Чек арадагы чыр-чатактан жабыркаган үйлөр жана объектилер толугу менен калыбына келтириле турганына ишендирип кетким келет жана өлкөнүн жашоочуларынын жардамына үмүт кылабыз»,-деди ӨКМ орун басары.

Баткен облусунун тургундарына колдоо көрсөтүү үчүн акча каражатын ыктыярдуу негизде которууну каалаган юридикалык жана физикалык жактар төмөндө көрсөтүлгөн эсептерге акча каражатын которо алат.

Улуттук валютадагы эсептин реквизити (сом):

Алуучу банк: Баткен аймактык башкармалыгы

БИК 440001;

ИНН 01312199910086

Эсеп номери № 4409021103005073 «Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты»

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»

Пикир

Оставить комментарий