• 84.8
  • 95.63
  • 1.13

Чек арадагы жаңжалды чечүү. Эксперттердин көз карашы

Аналитика 0

Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя ар кайсы деңгээлде дагы көпкө чейин талкууланат. Азыр башкы милдет - чындыкты табуу жана мындай окуя алдыда дагы кайталанбашы үчүн бул маселени биротоло жоюу. Чечүү жолдорун ар кайсы деңгээлде, анын ичинде эксперттик коомдун арасынан издөө зарыл. Ошентип, 7-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) өкүлдөрүнөн, андан тышкары, россиялык жана кыргызстандык экспеттердин катышуусунда “Баткен-2021: ким күнөөлүү жана эмне кылуу керек?” аттуу тегерек стол өттү.

Нет описания.

2021-жылы чек арада болгон окуя көпкө чейин талкууланат, анткени бул көп жылдан бери созулуп келе жаткан көйгөй жана албетте аны чечүү керек колгон окуянын себебин издөөдө бир катар теориялар калкып чыгууда, анын ичинде кутум теориясы да бар. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курчуган кырдаал учурунда пайдалуу болгон үчүнчү күчтөр тууралуу да айтылат. Бирок эксперттер болгон окуядан үчүнчү күчтөрдү издөөнүн кажети жок деп эсептешет. Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытовдун пикиринде, акыркы 10 жыл аралыгындагы окуя аталган тилкедеги абал жыл өткөн сайын татаалдашып бара жатканын күбөлөндүрөт.

“Чыңалуу күчөп, чыр-чатактын потенциалы өсүп жатат. Ошондой эле катышуучулардын саны көбөйүүдө. Натыйжада биз бул акыркы чекитке алып келген тенденцияга ээ болдук. Калк арасында курмандыктардын, жабыркагандардын жана жаракат алгандардын саны көп болду. Өзүнүн республикасында туруп элдер качкын болушту. Көптөгөн социалдык объектилер кыйрап, үйлөр өрттөлдү”, - деди ал.

Токон Мамытовдун айтымында, окуяга ички жана тышкы факторлор себеп болду. “Бирок үчүнчү жактын изин издебей койсо деле болот. Кырдаал мындай абалга чейин жеткен эмес, бул 5 жылдан кийин гана мүмкүн эле. Тышкы фактор катара расмий Дүйшөмбүнүн жүргүзгөн саясатын атасак болот. Ошентип, дароо бир катар маселелери чечилди – КРны тышкы душман деп аныкташты, калкты өлкөнүн ичиндеги көйгөйлөрдөн алаксытышты. Ички фактор – чек арада пайда болгон процесстерди кыргыз тараптан көзөмөлдөөнү жеңилдетүү болду”, - деген акыйкатчы, өзүңдүн коопсуздугуң үчүн абалды көзөмөлдөө керек эле деп кошумчалады.

Муну менен катар калк арасында ЖККУнун өкүлдөрү чыр-чатакка эмнеге кийлигишкен жок деген суроолор көтөрүлдү. ЖККУнун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдиновдун айтымында, окуя башталган күнү ЖККУ ыкчам реакция кылган. Уюм эки тарапты тең жаңжалды дароо токтотууга чакырып, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө жардам берүүгө даяр болчу.

“Биз маселенин сүйлөшүү жолу менен чечилишин колдойбуз. Ушундай окуя болуп, адамдардын курман болушу жанды кейитет. Абалга байкоо салуудабыз. Биз окуя болгон күнү Коопсуздук кеңешинин башчылары менен кырдаалды ыкчам талкууладык. ЖККУнун кийлигишүүсү боюнча айтсам, ал үчүн эки тараптын кайрылуусу болушу керек эле. Кыргыз тарап учурда ЖККУнун жардамына муктаж эместигин билдирген. Бүгүнкү күндө ЖККУнун кийлигишүүсүнө эч кандай негиз жок. Тажикстан жана Кыргызстан ЖККУнун толук кандуу мүчөсү, ошондуктан тараптар ЖККУнун механизмдерин ишке киргизүү зарылдыгы тууралуу маселе көтөрсө, алар ишке киришет ”, - дейт Зайнетдинов.

КР Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын процессору Аскар Бешимов Кыргызстанда ЖККУнун өзөгүн Россия түзүп, ал эми бул уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы аймактык коопсуздуктун кепили ЖККУ өзү болуп эсептелгендей кырдаал түзүлдү деп билдирди.

“ЖККУ кийлигишет, ага расмий түрдө кайрылуу керек деп эч ким күткөн эмес. Биз алар бул маселени жеринде талкуулап, бири экинчисин уруп жатканда тынчтыкка чакырат деп күттүк, болгону ушул. Азыр бул терең формалдашкан уюм жана өзүбүздүн күчүбүзгө гана ишениш керек экен деген түшүнүк пайда болду. ЖККУ аскердик аракеттерди токтотуу боюнча өзүнүн кайрылуусу менен чыкса болмок. Азыр болуп өткөн окуяны БУУнун эксперттери баалап жатат. Биз тарап бардык келишимдерге таянган жана ачык агрессия болбойт деп үмүт кылган. Бизде Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда жаңжал болгон 2012-жылдагыга окшош сценарий бар болчу”, - деди Бешимов.

Ошондой эле ал Кыргызстан үчүн бул сабак болгонун жана уюмдарга ишеним артпаш керектигин кошумчалады.

Көпчүлүк чыр-чатакта баңги бизнесинин катышуусу жана болжол менен аталган окуянын келип чыгышынын негизги себеби болуп саналары тууралуу айтып жатышат.

“Борбор-Азиялык баңги саясаты борбору” коомдук фондунун директору Александр Зеличенко тегерек столдун жүрүшүндө баңги ишмердүүлүгүнүн изи бар, бирок бул Баткен облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун негизги себеби эмес деген пикири менен бөлүштү.

“Баңги ишкерлиги башка окуялардагыдай эле албетте катышты, бирок ал окуянын түздөн-түз уюштуруучусу болуп саналат деп айтууга болбойт. Мындай десек анда күнөө ошондо гана болуп калат. Бардык кесепеттеринен алып караганда бул чыныгы ойлонулуп жасалган аскердик агрессия болду. Азыр болуп өткөн окуялардан сабак алуу керек. Менин пикиримде ал жакта бары эми башталып жатат. Кыязы, кагылышуу болбойт, бирок ири масштабдагы кетмен согуштарынын деңгээлиндеги кагылышуулар жетиштүү болот деп айтууга негиз бар”, - деди Зеличенко.

Ошондой эле эксперт алсыз болбош керек деп кошумчалады. Баткен согушу учурунда армия жок болчу, эч ким даяр эмес эле деп айтышкан. “Бүгүн мен бир нерсени түшүнбөй турам, арадан 20 жыл өттү. Биз кайсыл жакты карап турдук, эмнеге эч нерсени уккан жокпуз. Чырдын башталганын эч ким байкаган жокпу? Ар кайсы өлкөлөр жана уюмдар менен машыгуулар өткөрүлүп келет. Алардын жыйынтыгы кана?”, - деп суроо салды эксперт.

Ошондой болсо да азыркы учурда чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү жана чек арадагы талаштуу тилкелерди аныктоо маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Экс-вице-премьер-министр Акрам Мадумаров азыр мындан ары эмне кылуу керек деген суроого көбүрөөк көңүл буруу керектигин белгиледи.

“Мен Баткен облусунун губернатору болгом, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөм. Биз канча айтканыбыз менен маселени эки тарап чечет. Бизде эки мамлекеттин эрки бар”, - деди ал.

Мадумаров акыркыдай окуя болбошу керек эле деп өкүнүү менен белгиледи. “Эми болору болду. Болгон окуянын бир нече факторлору жана себептери бар. Мындан мурда макулдашылган чек ара линиялары эл жок жерлерден өткөн. Азыр адамдар жашаган эң татаал тилкелер калды. Кечээ 112 чакырымды тактоо башталары жарыяланды. Азыр сындоонун убагы эмес. Эң башкысы эки тараптын бир пикирге келиши. Андан ары чек араны тактоону биринин артынан экинчисин улантуу керек”, - деди Мадумаров.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий