• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы жабыр тарткан айылдардын жашоочулары санаторийлерде эс алууда

Аймак 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Чек арадагы жабыр тарткан айылдардын жашоочулары санаторийлерде эс алууда, - деп маалымдайт министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Баткен облусунун чек арадагы жабыр тарткан шарты оор айыл аймактарынын 59 тургунун моралдык жана психологиялык жактан колдоо максатында Жети-Өгүз районундагы “Ак Тулпар” эс алуу пансионатында 10 күндүк эс алуусун уюштуруп, каржылады. Учурда жабыр тарткан чек арадагы айылдардын 59 тургуну пансионатта саламаттыгын чыңдап, көл жээгинде эс алууда.

Мындан сырткары, министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Баткендеги шарты оор, чек арадагы айылдарынан 19 жарандын Жалал-Абад облусундагы “Жалал-Абад санаториясында” эс алуусун каржылады.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жеке демилгеси менен Ош шаарындагы К. Мамакеев атындагы санаториясынын жетекчиси М.А.Туленова менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, натыйжасында чек арадагы жабыр тарткан айылдардан 20 адам бүгүнкү күндө эс алуу менен бирге ден соолугун чыңдоодо.

"Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жеке өзүнүн атынан жана жалпы Баткен облусунун элинин атынан эс алууну уюштуруп, Баткен облусунун чек арадагы жабыр тарткан айылдардын жашоочуларын моралдык жана психологиялык жактан колдоого алып, каржылаган Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Р. Мейманкуловго, активдүү жаштарына жана министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү А.Сыргабаевге жана Ош шаарындагы К. Мамакеев атындагы санаториясынын жетекчиси М.Туленовага терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий