• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадан аткезчилик товар алып өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. 2021-жылы 16-мартта Чек ара кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына аткезчилик товар алып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук айылына жакын жерде чек арачылар Тажикстандын 1985-жылы туулган С.Х. аттуу жаранынын башкаруусундагы Hyundai-Porter унаасын токтотушкан. Ал өткөрүү пунктунан тышкары Тажикстандан Кыргызстандын аймагына жалпы салмагы 1475 килограмм болгон кургатылган жемиштерди алып өтүүгө аракет кылган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн баасы 265 миң сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий