• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. "Ак-Кыя-автодорожный" өткөрүү пунктунда мамлекеттик чек арадан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1985-жылы төрөлгөн Г.М. аттуу Кыргызстандын жараны Кыргызстандан Өзбекстандын Шахимардан анклавана өтөйүн деген. Паспортун текшерүү учурунда ал чек ара кызматкерлерине 1989-жылы туулган М.М. аттуу жарандын паспортун көрсөткөн. Чек ара кызматкери паспорттогу сүрөттүн ага окшош эмес экендигин айткан. Сурак учурунда Кыргызстандын жараны тууганынын паспорту менен өтүүгө аракет кылганын мойнуна алган. Кармалган жаран Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий