• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чек арадан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. “Кадамжай-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 1973-жылкы Г.С., аттуу жараны Фергана шаарынан (Өзбекстан) Кыргызстан аркылуу Сох районуна (Өзбекстан) өтүүгө аракет кылган.

“Кадамжай-унаа жолу” пунктунда текшерүү маалында ал 1954-жылкы М.О., аттуу жаранга таандык болгон паспортту көрсөткөн.

Териштирүү маалында паспорт башка бирөөгө таандык экендиги аныкталган.

Кармалган Г.С., аттуу жаран үйүнө кетүү үчүн башка бирөөнүн паспортун колдонгондугун мойнуна алган.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, ал КР ИИМдин тиешелүү аймактык бөлүмүнө өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий