• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 06.03.21. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз мал өткөрүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жергесинде кызмат өтөө учурунда КР жараны 1990-жылы туулган М.С.ны кармашкан, ал өткөрүү пунктунан тышкары жерден Өзбекстандын аймагына 10 баш жандык мал айдап өтүүгө аракет кылган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кармалган жандык малдын жалпы баасы 150 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жандык мал андан ары териштирүү үчүн тиешелүү кызмат адамдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий