• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары тарабынан Казакстандын 1987-жылы туулган К.А., жана Кыргызстандын 1990-жылы туулган Т.Н., аттуу жарандары кармалган.

Алар Казакстан тарапка Ашпара дарыясын кечип өтүп мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү аракетин көрүп жатканда чек ара кезмети тарабынан кармалган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине мындан аркы териштирүү иштердин жүргүзүлүшү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий