• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Россиянын жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Кечээ, 17-ноябрь күнү "Кайыңды-темир жолу" көзөмөл өткөрмө жайында чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, жүк ташуучу поездди текшерүү малында анын көмүр ташуучу вагонунда жашынып, документтери жок Казакстанга чыгууга аракет кылган Россиянын 48 жаштагы жаранын кармашкан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий