• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл пунктунда чек ара кызматынын кызматкерлери чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган өзбек жаранын кармашкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы Ш.Ш., аттуу өзбек жараны “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл бекетине келип, Өзбекстандын жаранынын паспортун көрсөткөн. Чек арачылар документинин жасалма экендигин байкашкан (паспортунда Өзбекстандан чыккандыгы тууралуу мөөр жасалма болгон). Натыйжада кармалган жаранга өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий