• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арага жакын аймактардан жалпы 51,3 миң адам көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 1-май саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактардан жалпы 51 миң 398 адам коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Бул тууралуу брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров билдирди.

Анын айтымында, жарандар Баткен шаарларындагы социалдык объектилерге жайгаштырылган.

“Ошондой эле кайдыгер эмес адамдардын жана жакын туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлүүдө”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 173 адам жабыркап, 34 киши набыт болгон.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий